• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Айдоочуларга эскертүү! Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Боом капчыгайында 13нөн 17-ноябрга чейинки аралыкта таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Таш түшүрүү иштери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында жана капчыгайдагы темир жолдун 3898-3899-чакырымында жүргүзүлмөкчү.

Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери саат 9:00дөн 15:00гө чейин жолду маал-маалы менен жаап турат. Маалыматта жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталары айтылат.

"Кыргыз темир жолу" айдоочуларга кайрылып, каттамды алдын ала пландоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий