Айдоочуларга эскертүү! Ош – Раззаков унаа жолу жабылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Ош – Раззаков унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн 20:30дар чамасында тазалоо иштери учурунда катуу келген селден аталган жолдун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-июнга чейин олкө аймагындп туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөрүн эскерткен.

Пикир

Оставить комментарий