• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Айдоочуларга эскертүү! Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол аталган жолдун 70-71-чакырымында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүргөндүгүнө байланыштуу жабылган. Азыркы учурда жолдорду тазалоо иштерүү жүрүүдө. Жолдор ачылганда кошумча маалымат берилет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жогорудагы чектөөнү эске алып, азырынча жолго чыкпай турууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий