• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Айгүл Жапарова Улан-Батордо Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунда сөз сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 22-августта Монголиянын Улан-Батор шаарында "Жашыл келечек жолунда" аттуу Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунда ардактуу конок катары сөз сүйлөдү.

Форум 22-23-августта Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыкта өтүүдө. Иш-чарага 15 өлкөнүн мамлекет башчылары, өкмөт башчылары жана министрлери, 20дан ашык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес, маданият жана спорт сыяктуу бардык тармактардан лидер аялдар катышууда.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө Монголиянын президентине жана биринчи айымына аталган форумга катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи.

Биринчи айым Форум дүйнө жүзү боюнча адилеттүү, бакубат жана тынч коомду куруу үчүн жемиштүү диалог аянтчасы болуп, бул процесстерде салымын күчөтөөрүнө, ошондой эле “Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы” кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата жалпы ишмердүүлүккө дем берерине ишеним билдирди.

Айгүл Жапарова белгилегендей, БУУнун бардык мүчө-мамлекеттери тарабынан кабыл алынган 2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын бири гендердик теңчиликти камсыздоо, бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат, ал көпчүлүк максаттар менен милдеттерди алдыга жылдырууга жана аларга жетүүгө чечүүчү салым кошот.

Биринчи айым туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибине ылайык, 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегияны кабыл алгандыгын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө гендердик теңчилик Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Аялдар ишкердиги жаатындагы саясатты алга жылдыруу үчүн зарыл шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча иштер улантылууда.

Буга байланыштуу Айгүл Жапарова мамлекет тарабынан 2022-2026-жылдарга карата Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча Программа кабыл алынганын айтып өттү. Мындан тышкары, Кыргызстан БУУнун аялдардын укуктарына түздөн-түз тиешелүү беш Конвенциясын ратификациялаганын белгиледи.

“Жашыл келечек жолунда” форумунун темасын эске алуу менен Кыргызстандын Президентинин жубайы Кыргыз Республикасынын “жашыл экономикасынын” алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууда аялдар өзгөчө жана маанилүү ролду ойной тургандыгын белгиледи.

Бул контекстте Айгүл Жапарова өлкөдө инклюзивдүү “жашыл экономиканы” өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди айтты. Атап айтканда, 2019-жылы Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бекитилген, анда жашыл өнүгүүгө өтүүнү болжолдогон 7 артыкчылыктуу сектор аныкталган (жашыл энергетика; жашыл айыл чарба; жашыл өнөр жай; туруктуу туризм; аз эмиссиялуу транспорт; калдыктарды башкаруу жана жашыл шаарлар). Мындан тышкары, 2021-жылдан баштап “жашыл долбоорлорду” каржылоонун улуттук механизмин түзүүгө багытталган иш-чаралар ишке ашырылууда.

Биринчи айым баса белгилегендей, аялдардын көпчүлүгү экологиялык таза өндүрүшкө, кызмат көрсөтүүлөргө, продуктыларга инвестиция салууга даяр экендиктерин билдиришет. Ар кандай тармактардагы лидер аялдар коомго оң таасирин тийгизген туруктуу “жашыл бизнес” практикасына берилгендигин көрсөтүп жатышат.

Ал акыркы жылдары экологиялык демилгелер маанилүү болуп баратканын жана бул процессте Кыргызстанда аялдардын ролу өзгөчө экенин белгилеп өттү.

Сөзүнүн аягында Биринчи айым Айгүл Жапарова “жашыл келечекке карай жолдо” көптөгөн глобалдык көйгөйлөр турганын баса белгиледи. Бирок, бул чакырыктарда аялдар балдары үчүн жакшы келечекти трансформация кылуу жана түзүү мүмкүнчүлүгүн көрүшүүдө. Мында өзгөрүүгө даяр болуу, жаңы идеяларга ачык болуу жана кызматташуу маанилүү. Биргелешкен аракет дүйнөнү өзгөртүп, аны бардыгы үчүн экологиялык жактан азыркыдан да таза кылууга жетишсе болот.

Пикир

Оставить комментарий