• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Айлана-чөйрөнү коргоого жарым жылда 37 млн. сом коротулду – каражат кайда жумшалды

Коом 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы суммасы 37 млн. сомго 260дан ашык долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Республикалык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгын өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Кеңеш Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, долбоордук билдирмелер фондун дарегине өз алдынча башкаруу органдарынан келип түшкөн, алты айдын ичинде 261 долбоор каралган.

“Келип түшкөн билдирүүлөрдөн 379 миң сом калк жайгашкан жерлерди жана аймактарды жашылдандырууга багытталган. Буга окшогон билдирүүлөр Фонд башкармалыгынын кароосунда турат, алар кийинки жыйында талкууланат”, - деп билдирди ал.

Андан тышкары көрсөтүлгөн убакытта 11 млн. сомго таштанды чыгаруучу атайын техника сатылып алынган. Жумабековдун айтуусунда ал Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын муниципиалдык кызматтарына жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий