Кыргызстандын бардык аймагында жолдогу аң-чөнөктөрдү жамоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын бардык аймагында асфальт төшөө иштери менен катар жолдо жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, жумуштар эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдордун планга киргизилген тилкелеринде жүрүп жатат.

Облустар боюнча алганда:

  • Чүй облусу – 23 795,5 м2
  • Нарын облусу – 1 356 км м2
  • Талас облусу – 9 704 м2
  • Ысык-Көл облусу – 4 228,4 м2
  • Ош облусу - 13 182 м2;
  • Жалал-Абад облусу - 11 433 м2;
  • Баткен облусу- 4 269 м2

Белгиленгендей, жети дубан жолдорунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруп, талапка ылайык келтирүү иштери министр Тилек Текебаевдин жеке көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий