• 87
  • 90.41
  • 0.84

Аймактарда жаңы жумушчу орундарды түзө турган абдан чоң потенциал бар — президент

Президент 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. «Аймактарда жаңы жумушчу орундарды түзө турган абдан чоң потенциал бар», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, аймактарда абдан чоң мүмкүнчүлүктөр бар, буга байланыштуу аларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошол эле мезгилде ал ички-тышкы миграция ошол алыскы бийик тоолуу аймактардан, айылдардан кетип жатканын кошумчалады.

«Мына ушуга чейин жетип калганбыз, кээ бир айылдарда иштерди жасай турган жаштар калбай калган. Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында сыртка кеткендерди алып келебиз деп айта албайм, бирок кийинки муунга жумуш орундарын түзүп, кармап калууга жана айылда эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк беребиз», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент эске салгандай, ал үчүн Аймактарды өнүктүрүү программасы кабыл алынган, ага ылайык, 20 шаарды алып, Бишкек, Ош шаарындай шарт түзүп, ал 20 шаардын тегерегинде элди кармап калуу. Ошол жерде социалдык жактан кызмат көрсөтүү – медицина, билим берүү, социалдык коргоо, мамлекет жасай турган бардык иштерге каражатты ошол жактарга бөлүп, элдин жашоосуна шарт түзүү.

«Жетишкендигибиз - ушул 20 шаарды өнүктүрүүгө багытталган программаны ишке ашырууга каражат табылды. Ошол жерлерде - 20 шаардын тегерегинде, облус борборлорунда, чоң шаарларда, өнөржай ишканаларын көбөйтөбүз. Бизнес барып, жумушчу орундары түзүлө баштайт. Окуу жайларынын, саламаттык сактоо тармагынын сапатын жакшыртууга, кайра иштетүү өнөр жайын жолго коюуга аракет кылабыз», - деп өзгөчө баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий