• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Аймактарда жеке нотариустардын санын көбөйтүү элдин талабы – юстиция министри

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Аймактарда жеке нотариустардын санын көбөйтүү элдин талабы. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында локалдаштырган лицензия берүү жаңы механизми аркылуу өлкө аймактарында жеке нотариустардын иштөөсүнө шарт түзүлдү.

“Жеке менчик нотариустардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында топтолуп, ишмердүүлүк жүргүзүп келишкен. Жеке менчик нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн саны өлкөнүн аймактарында аз болгондуктан, жарандар көбүнчө мамлекеттик нотариустарга кайрылып жатат. Бул маселени чечүү, мамлекеттик нотариалдык кызмат көрсөтүү тармагындагы ишти жеңилдетүү максатында акыркы 6 айдын ичинде жаңы механизмди киргиздик. Бул локалдаштырган лицензия деп аталып, мыйзам аркылуу ишке киргизилди. Лицензия алган жеке менчик нотариустар белгиленген гана район, шаарларда иштей алышат”, - деди Аяз Баетов.

Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө жеке менчик нотариустарга 25 локализацияланган лицензия берилсе, дагы 38 лицензия берүү пландалууда. Нотариат түзүмү боюнча үстүбүздөгү жылдын алты айында Юстиция министрлиги тарабынан нотариалдык иш-аракеттер чөйрөсүндө реформалар, цифравизация жана башка бир катар иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий