• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аймакты тескөөчүлөргө жаңы форма жана техникалык жабдуулар берилүүдө — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Аймакты тескөөчүлөргө заманбап жаңы типтеги формалык кийимдер, техникалык жабдуулар жана жилеттер берилүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлерди оргтехникалар, санарип технологиялар жана башка жабдуулар менен камсыздап, кошумча укуктарды берүү менен жаңы функциялар жүктөлдү.

ИИМди реформалоонун алкагында милициянын участкалык жана балдар менен иштөө инспекторлоруна жылдын төрт мезгилине ылайыкташтырылган, күн-түн иштөөгө ыңгайлуу, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан жаңы типтеги формалык кийимдер тигилип таратылып берилүүдө.

Жогоруда аталган жаңы типтеги формалык кийимдер жер-жерлерде иш алып барып жаткан катардагы кызматкерлердин сунуштарын, өтүнүчтөрүн эске алуу менен иштелип чыккан. Мурдагы милиция кызматкерлери кийип жүргөн боз түстөгү кийим калк арасында иш алып барууда көп адамдын арасында көрүнбөй, байкалбай калууда.

Пикир

Оставить комментарий