• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аймактык ооруканалар компьютердик томография менен жабдылат

Аймак 0

Бишкек, 26-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги кезектеги жыйынында аймактык ооруканаларды компьютердик томография менен жабдуу маселесин карады.

Аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө министрликтин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева аймактык ооруканалардагы компьютердик томографиялардын эскилиги жетип, жарактан чыгып калган. Ал эми Нарын жана Баткен облустарында аталган аппараттар таптакыр болгон эмес.

“Мындан улам аталган облустардагы ооруканаларды компьютердик томография менен жабдуу зарыл. Аталган аппарат ишке киргенден кийин, текшерүүнүн болжолдуу баасы 2300 сомдон 4000 сомго чейин болот”,-деди Кийизбаева.

Пикир

Оставить комментарий