Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы "Эмгек" жана "Ак Бата" партияларын Бишкек шаардык кеңештеги шайлоодон четтетти. Мындай чечим бүгүн, 12-майда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
Аталган партиялар тарабынан шайлоо убагында мыйзам бузуулар катталгандыгы үчүн жарыштан алынган.
Эскерте кетсек, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, жети пайыздык босого чегинен "Биздин эл", "Ата-Журт Кыргызстан", "Эмгек", "Ынтымак", "Ак Бата", "НДПК" партиялары өткөн.
Бирок көп өтпөй "НДПК" партиясы жарыштан четтетилген.
Пикир
Оставить комментарий