• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Айнура Аскарова Улуттук китепкананын директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Айнура Аскарова Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка маданият министри Алтынбек Максүтов кол койду.

Жаңы дайындалган директорду китепкананын эмгек жамаатына министр Алтынбек Максутов тааныштырып, китепкананын ишин алдыга жылдырууга ишенимин артып, жооптуу ишине ийгилик, жамаатка ынтымак каалады.

Пикир

Оставить комментарий