Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде (U-23) кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы коло үчүн күрөшөт.
76 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбан кыз жарым финалдагы кармашта япониялык спортчу Юка Кагамиге 3:8 эсебинде утулуп калган.
Эми алдыда ал коло үчүн күч сынашат.
Пикир
Оставить комментарий