• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Айрым аймактарда жаан жайт – 30-сентябрга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.

АЛ эми Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда 19…24, Талас облусунда 17…22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 23…28, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15…20, ал эми Бишкекте 22…24 жана Ош шаарында 26…28 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий