• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айрым импорттоочулардын экономикалык ишмердикке патент алууга укугу жок - МСК

Экономика 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерине ылайык, тигүү жана текстиль тармактарынын субъекттерин кошпогондо, товарларды импортоочу жеке жактар ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонууга укугу жок. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен салык мыйзамдарынын бул ченемине ылайык келтирүү үчүн Салык органдарына патентти кагаз түрүндө же электрондук форматта берүүнүн тартибине өзгөртүү киргизилген.

Бул оңдоолор товарларды импорттоп жаткан салык төлөөчүлөргө адилеттүү салык жүгүн белгилейт. Өзгөртүүгө чейин жалпы негиздерде салык төлөгөн салык төлөөчүлөрдүн бирдей товарларды импорттоодо жана андан кийин аларды сатуудагы салыктык милдеттенмелери ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчүлөргө караганда көп.

Өкмөттүн ушул эле токтому менен ыктыярдуу патенттөөгө тийиш болгон ишкердик чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерлердин салык органдарынан электрондук жана кагаз жүзүндөгү патент алуулары да каралган.

Бул ченемди киргизүү ыктыярдуу патенттөөгө тийиш болгон ишкердик чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерлерге киреше салыгын төлөгөндүгүн ырастоо максатында тийиштүү мекемеге берүү үчүн патент алууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий