• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айрым мамлекеттик орган жетекчилери тарабынан коррупцияга каршы күрөш боюнча түшүнбөстүктөр кездешүүдө - Өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. «Биз жыл сайын коррупцияга каршы аракеттенүүлөр боюнча маселени эң жогорку деңгээлде көтөрүп чыгып, Өкмөттүн жыйындарында системалуу түрдө карайбыз. Өлкөдө коррупция менен айыгышкан күрөшүү жүрүп жаткандыгына карабастан, айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан дагы эле түшүнбөстүктөр кездешүүдө», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында “2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясынын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө” маселесин талкуулоо учурунда.

Жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маалымдагандай, Мамлекеттик антикоррупциялык стратегияны ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн планынын 5 пункту аткарылбаган бойдон калган. Алардын аткаруу мөөнөттөрү мурда эле өтүп кеткен. Жарым-жартылай аткарылганы – 43 иш-чара.

Жениш Разаков белгилегендей, министрлик жана ведомстволордун көпчүлүк отчеттору маңызсыз жана формалдуу түзүлөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, көпчүлүк отчёттор курулай жооптор менен коштолгон, маалыматтар жетишпейт, берилген маалыматтар так эмес.

Буга байланыштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жана Архитектура, курулуш агенттигинин жетекчилигине бир жумалык мөөнөттө Өкмөттүн Коррупцияга каршы планын ишке ашыруу боюнча анык эмес отчетторду даярдаган кызматкерлерин катуу тартиптик жоопкерчиликке тартуусу жана ушул сыяктуу фактыларга жол бербөө боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Өкмөт башчы эскерткендей, 2016-жылы укук коргоо органдары тарабынан кызматтык кылмыштар боюнча, анын ичинде коррупциялык багытта 1970 кылмыш иши козголуп, 3 млрд 270 млн сом зыян белгиленген.

«Бирок булар менен катар бул категориядагы козголгон кылмыш иштеринин сотко жөнөтүү көрсөткүчү абдан төмөн бойдон калууда. Мунун баары, укук коргоо органдарынын өзүндө дагы коррупциялык элементтердин бар экендигин билдирип турат. 2016-жылы 154 укук коргоо органдарынын кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган, анын ичинен 49у милициянын кызматкери болгон», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Буга катар аймактарда коррупциялык фактыларды жок кылуу боюнча иштер алсыз уюштурулган. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын иштери да алсыз жүрүп жатат.

«Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине козголгон кылмыш иштеринин саны алты эсеге өстү. Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин кызмат адамдарына козголгон иштердин саны үч эсеге көбөйдү.

Бул мекемелердин жетекчилиги мекемедеги коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөтүү боюнча чараларды тез арада кабыл алуусу зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы мамлекеттик стратегияны аткарбаган айрым жетекчилерди катуу жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгиледи. Бул үчүн Коррупцияга каршы күрөшүү саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери менен болгон иштерди активдештирүү маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бизге имитация эмес, коомчулуктагы опузалоо жана пара алуу көрүнүштөрүнө каршы чыныгы күрөшүү зарыл. Коррупцияга каршы күрөшүүнү жаңы, сапаттуу деңгээлге чыгаруу керек», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Талкуу жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөргө:

- Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго;

- Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге;

- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация статс-катчысы Максат Ташболотовго;

- Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-секретары Болот Садыковго сөгүш берүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий