• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү белгиленет.

“Баарыңыздарды бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. "Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" дегендей, кыргыз тилинин тарыхы - бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет. Андыктан келгиле достор кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү. Эне тилин билүү - улутуңа жана тегиңе болгон урмат-сыйдын белгиси”, - деп жазат спортчу.

Пикир

Оставить комментарий