• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланды

Спорт 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. 21-октябрда "Кыргызстандын Күрөш федерациясы" коомдук бирикмесинин кезексиз шайлоо жыйыны болуп өттү.

Күрөш федерациясынан билдиришкендей, иш-чарага федерациянын мүчөлөрү, ошондой эле Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышты.

Жыйындын жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенттик кызматына шайланды. Тыныбекова өз сөзүндө өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүнү пландап жатканын белгилеп, ошол эле учурда спорттук карьерасын улантуу ниети бар экенин баса белгиледи.

Эске салсак, Айсулук Тыныбековага чейин 2014-жылдан тарта Динара Исаева федерациянын вице-президент болчу.

Пикир

Оставить комментарий