Айт – бизди бир сапка бириктирген, боордоштукту бекемдеген улуу майрам. Муфтийдин куттуктоосу

Коом 0

Бишкек, 16.06.24. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө муфтийдин куттуктоосу толук берилет:

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кадырман мусулман бир туугандарым! Сиздерди Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Жараткан Кудай Таала жерибизге тынчтык, береке, элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин!

Урматтуу мекендештерим! Айт – жалпыбызды бир убакта айт намазы менен бир сапка бириктирип, ынтымагыбызды, биримдигибизди, күчтүүлүгүбүздү жана сабырдуулугубузду арттырып келет. Орозо айт менен курман айт – нечен кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган эң бир керемет майрам. Айт майрамдары ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана кең пейилдүүлүккө чакырат. Алла Таала айттын урматына томуктай соопторубузду тоодой кылып берсе, тоодой күнөөлөрүбүздү кечирсин. Жараткандын ыраазычылыгы үчүн чалган курмандыктарыбыз өз дарегине жетип, кубанычтарды тартууласын. Ар бир мусулмандын дасторкону бүгүнкү курман айтка даярдалып, жайылып турсун. Ажылык амалдарын аткарып жаткан бир туугандарыбыздын бата-тилектери орундалсын. Сыркоолоп жаткан жакындарыбызга шыпаа берсин, капилеттен көзү өткөн момундарга бейиш насип болсун.

Быйылкы жылы кооптуулуктан улам айт намаздары аянттарда эмес, мечиттерде окулуп келгендиги мени жана жалпы эле мусулмандарды бир топ эле ойго салды. Менин мусулман бир туугандарым, биздин Кыргызстан деген күнөстүү өлкөбүз, бейиштей кооз мекенибиз бар экенин унутпай, өлкөбүздөгү ар кандай кооптуулуктун болбошу үчүн, мындан кийин айт намаздары аянттарда окулуусу үчүн дуба кылалы. Аткени айт – бир диндин, бир ишенимдин борборунда бизди бириктирген, дилдерди баш коштурган, боордоштукту бекемдеген, өз ара ыйкы-тыйкыларды жок кылган диний майрам.

Курман айт жан дүйнөбүзгө, үй-бүлөбүзгө, өлкөбүзгө, бардык Ислам ааламына, бүтүндөй жер жүзүнө бакыт-таалай, кубаныч менен сүйүнүч ала келүүсүн Жараткан Кудай Тааламдан жалынып суранам!

Алла Таала биздин өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү, бейкутчулукту берсин. Бардык үй-бүлөгө ден соолук, тынчтык жана ынтымак каалайм. Дагы бир жолу Курман айтыңыздар маарек болсун!"

Пикир

Оставить комментарий