• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Айт күнү Ошто коомдук унаа акысыз каттады

Аймак 0

Бишкек, 26-июнь /Кабар/. Ош шаарында Айт майрамын шаардыктар жакшы маанайда белгилегенин кечээ шаардын эс алуучу бактарындагы адамдын көптүгүнөн байкоого болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мына ушундай саамалыктардын ичинен эң эле өзгөчөсү шаардык муниципалдык транспорттордун элге акысыз кызмат көрсөткөнү болду.

"Шаар мэри А.Кадырбаевдин шаардыктарга майрамдык маанай тартуулоо максатында кабыл алган бул чечимин Оштун тургундары жана меймандары аябай жылуу кабыл алып, алкап жатышты. Автобуска чыккан жүргүнчүлөрдүн маанайлары жакшы, кээлери ишенип-ишенбей таң калууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга далил катары 71 жаштагы Кулатов кичи районунун тургуну өмүрүндө биринчи жолу Айт майрамында элди бекер ташыган автобусту көрүп жаткандыгын айтып, мындай шарт түзүп берген шаар жетекчилигине ыраазылыгын билдирди.

Дагы бир шаар тургуну С.Абдыкадырова үчүн бул иш-чара күтүүсүз болгонун айтып, майрамдык белек үчүн ыраазылык билдирип, мындан кийин да ушул сыяктуу иш чараны көп-көп өткөрүп турууну сунуштады.

Анткени мындай кадам шаар тургундарына жана меймандарына жалаң позитив тартуулап, шаар башчысынын бул демилгеси колдоого аларлык иш деген оюн билдирип кетти.

Автобустарга жана троллейбустарга чыккан жүргүнчүлөргө ар бир аялдамада айдоочулар микрофон аркылуу акысыз тейлөө болуп, жол кире бекер экендигин эскертип турушту.

Эскерте кетсек, 25-июнь Айт майрамында Ош шаарынын мэри А.Кадырбаевдин буйругу менен шаардагы муниципалдык транспорттор бир күн кечке тургундарды акысыз тейлешти.

Пикир

Оставить комментарий