Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Айт намаз 15-июнда Бишкектеги Эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Айт намаз таңы саат 06:15те башталып, 07:00гө чейин окулат.
Айт намаздын программасы:
06:15-07:00 Дин аалымдарынын баяндамалары;
07:00-07:20 Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:20-07:30 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн куттуктоосу;
07:30 Айт намаз.
Пикир
Оставить комментарий