• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу жарыкка чыкты

Коом 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Бүгүн Улуттук илимдер академиясында кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата биринчи жолу “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу жарыкка чыкты.

Энциклопедия мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын алкагында КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган.

“Айтматов энциклопедиясын” түзүү үчүн айтматовтаануучу, академик Абдылдажан Акматалиев демилге көтөрүп, жетекчилик кылган. Мындан тышкары энциклопедияны түзүүгө Тил жана адабият институнун кызматкерлери жана Бишкектин жогорку окуу жайларында эмгектенген жана айтматовтаануу багытында илимий иштерди жазган окутуучу-илимпоздор көмөктөшкөн.

“Айтматов энциклопедиясынын” бет ачар аземинде кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү, жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова катышты. Бет ачар аземи манас айтуу менен башталды. Андан соң энциклопедиянын демилгечиси Абдылдажан Акматалиев иш-чараны ачты.

Иш чаранын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармаларынан алынган кыскача театралдаштырган үзүндүлөр көрсөтүлдү.

“Айтматов энциклопедиясы” жазуучунун бүткүл өмүрүн жана чыгармачылык жолун камтыйт. Анда Айтматов чыгармаларынын дүйнөдөгү орду, көтөрүп чыккан глобалдуу маселелери, чыгармаларынын башка тилдерге которулушу жөнүндө, театр, кино, музыка жана сүрөт өнөрүндө чагылдырылышы, чыгармалары боюнча изилдөөлөр, Айматовго арналган ырлар жөнүндөгү маалыматтар ж.б.у.с материалдарды энциклопедиядан тапса болот.

Эске сала кетсек, буга чейин Тил жана адабият институту тарабынан жана жеке демөөрчүлөр тарабынан юбилейлик маарекелерине карата “Сагымбай”, “Саякбай”, “Токтогул”, “Алыкул” энциклопедиялары да жарыкка чыккан.

Пикир

Оставить комментарий