Айтматов районунда 140 орундуу бала бакчанын курулуш иштери аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Айтматов районунун Көк-Сай айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулуш иштери аяктоодо. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланвп, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, бала бакчанын курулушу 2017-жылы башталган. Имараттын жалпы аянты 1481 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 90 пайызы бүткөрүлүп, үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий