• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Айтматов районунда 225 орундуу мектептин курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Ак-Жар айылында А.Калыбаев атындагы 225 окуу орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Анын курулушун аяктоо 2023-жылдын аягына чейин 100 мектепти бүтүрүүнүн алкагында ишке ашырылды.

"Объекттин курулушу 2015-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен башталган, долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген. Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 2517 чарчы метрин түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий