• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Айтматов районунда жолго асфальт төшөө иштери жүрүп жатат

Аймак 0


Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Айтматов районунун Бакайыр айылынын Манас көчөсүнө асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу ТРанспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолго асфальт төшөө планы Капиталдык салымдар беренесинин негизинде киргизилген. Учурда 583метр асфальт төшөлдү. План боюнча чакырып аралыкка асфальт төшөө каралган.

Мындан тышкары, райондун №6-Жол тейлөө ишканасы тарабынан титулдук тизме боюнча Көк-Сай – Кайнар, Көк-Сай – Арчагүл унаа жолдоруна 3420 метр асфальт төшөлүп, элге толук каттам ачылган.

Асфальт төшөөдөн тышкары райондун аймагында аң-чөнөктөрдү оңдоо, жолдун четин тазалоо, жол сызыктарын чийүү жана аялдамаларды актап- сырдоо иштери аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий