• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында аллеянын курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында Ч.Айтматов көчөсүндө аллеянын курулушу кызуу жүрүүдө.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, курулуштун эскиздик долбоору Айтматов районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

"Бүгүнкү күнгө карата долбоордун негизинде аллея куруу боюнча жигердүү иштер жүрүүдө. Атап айтканда жөө адамдар жүрүүчү жолдорго таштаман төшөлүп, ирригациялык суу өткөрмө лотоктор, түтүктөр жаткырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий