• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Айтматовдун 90 жылдык мааракесине: Ч.Айтматовдун Кентавры: Гүлсары - Танабай

Аналитика 0

XX кылымдагы соңку Совет адабиятында адамды ар түркүн айбанаттар менен эриш-аркак алакада көрсөткөн Ч. Айтматовдун «Гүлсарат», «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн», «Кыямат», М. Алексеевдин «Карюха», Г. Матевосяндын «Буйволица», В. Астафьевдин «Жаян-балык» сыяктуу бир топ маанилүү көркөм чыгармалар пайда болду. Бул тенденция өткөн тарых-тагдыры көпкө чейин көчмөн чарбачылык менен ажырагыс биримдикте болуп, ошондон улам, табигый фактордун таасирине баарынан көбүрөөк чалдыккан Борбордук Азия калктарынын адабияты менен искусствосунда айрыкча айкын көрүндү. Анткени, азыркы цивилизациянын өктөм шартында уламдан улам бүлүнүп бараткан өткөндүн уңгулуу жашоо формаларын жана уюткулуу руханий санаа-салттарын сактап калуу мүдөөсү учурдун ашкан зарыл проблемасына айланды. Ушундай кырдаалда Борбордук Азия калктарынын адабият жана искусство өкүлдөрү ири алды ошо өз элдеринин эзелтен берки түпкүлүктүү өмүр-таржымалдарынын түбөлүктүү табигый символдору болушкан – «ат», «төө», «бугу-марал», «кайберен-кийик», «карышкыр» сыяктуу жаныбарлардын касиеттүү образдарына кайрылышты. Андай анималистик образдар коом турмушунун абалкы этнографиялык жана культурологиялык уңгулуу катмарларын учурдун экологиялык-этикалык катаал контексти менен жалгаштырган концепт-медиаторлор катары роль аткарышты. Анткени, алар Борбордук Азия калктары үчүн катардагы кадыресе нерселер эмес, тескерисинче, өмүр-турмуштун өзүнчө бир кайталаңгыс өзөктүү системаларын же туруктуу принциптерин, дүйнөнүн адеп туулгандан кан-жанга кошо бүткөн кадимки табигый тааныш абалын каңкуулап турган өзгөчө туюнтмалар. Маселен, Кавказ калктары үчүн «тоонун», ордолуу орус журту үчүн мелмилдеген «мейкиндин», мухит-деңиз жээгинде жашаган элдер үчүн «кит» менен «балыктын” кадыры канчалык болсо, атпай кыргыз баласы үчүн, айталы, «ат» жаныбардын аброю ошончолук. Башкача айтканда, кыргыз үчүн «ат» дүйнөлүк координаттын ролун аткарат. Анын жедеп жердигинен сөөгүнө сиңген арбактуу өз дүйнөсүн, өзөк табиятын билдирет. Ошон үчүн Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинде Даниярдын ырына кулак салып, көңүлү толкуган Сейиттин көз алдына обол мурун жер дүңгүрөтүп кишинешкен жылкы, элине азынашкан айгыр аттар тартылат. Ошон үчүн «Саманчынын жолу» баянында аман-соо кайтаар-кайтпасы дайынсыз алаамат урушка узаганы жаткан уулу Касымга бир күн болсо да минип калсын деп, атасы атайы жылкыдан өздөрүнүн сары жоргосун кармап келет. Ошон үчүн Гүлсарат Айтматовдо Гоголдун «тройкасы», Пушкиндин «күзү», Толстойдун «дубу», Есениндин «ак кайыңы» сыңары табигый образ-символго айланат. Албетте, Танабай менен Гүлсарынын эгиз түгөй образы эң оболу азыркы жаңыча көркөм аң-сезимдин туундусу. Арийне алардын образын жаратууда Ч. Айтматовдун эстетикалык эсинде дүйнөлүк адабияттын үлкөн үлгүлөрүнө аралаш, ат менен адамдын эриш-аркак алакасына байланыштуу эзелки замандарда жаралып, эмгиче уланып келаткан уңгулуу элес-түшүнүктөр системасы да турганы шексиз.

Ааламдагы баардык кубулуштар менен стихияларды ар кандай айбанаттар менен кудайлардын персонификациясы катары кабылдаган байыркы адамдардын символикалык-образдуу түшүнүгүндө ат айрыкча орунда турган. Архаикалык аң-сезим атты асман, асыресе күн менен көбүрөөк ассоциациялаган. Анткени күн ага «асман аттары» чегилген алтын араба сыяктуу элестеген. Маселен, гректер күн кудайы Аполлондун арабасын канаттуу аттар сүйрөп жүрүшөт деп ойлошкон. «Авеста» менен «Ригведанын» гимндеринде, жана башка индиевропа калктарынын мифтеринде да күндүн акбоз аттар асманда аркыратып тартып баратышкан жалгыз дөңгөлөктүү араба экени айтылып, арабанын дөңгөлөгү - күнгө, ал эми аттардын сапырылган жал-куйруктары чачыраган күн нурларына окшоштурулат. Мифологиялык ой жүгүртүүгө мүнөздүү партиципация жана инкарнация (керемет кубулуу) мыйзамына ылайык, күндүн ажырагыс атрибуту болгон ат кудайга же тескерисинче, кудай атка айланып кубула берет. Ошон үчүн күндүн Индия мифологиясындагы айбанаттык, башкача айтканда, зооморфтук символу болгон акбоз асман аты Уччайхшравас «Рамаянада» күн кудайы Сурьянын атына айланса, «Авестада» Ирандыктардын күн кудайы Митра – акбоз ат деп айтылат. Ошон үчүн Индия, Иран жана Индиевропа поэзиясында «күн» менен «аттын» образы ширелишип, «күлүк атчан күн» деген сөз айкашы туруктуу формулага айланып калган. Алмустактагы адамдар атты адам менен асманды байланыштырып турган өзгөчө күч өңдүү түшүнүшкөн.

Азыркы илим элдердин эзелки тарыхына, турмуш-тиричилигине, мифтерине изилдөө салып отуруп, өндүрүш куралдары менен коомдук мамилелердин, аң-сезим формалары менен ой жүгүртү деңгээлдеринин салыштырмалуу бирдейлиги а кезде дүйнө кубулуштары тууралуу бири биринен анча айырмаланбаган окшош элес-түшүнүктөрдү жана көз-караштарды жаратканын айгине кылды. Буга дагы бир далил – ат менен адам алакасына байланыштуу жогорудагыдай элес-түшүнүктөр кыргыз элине да мүнөздүү экени. Кыргыздын элдик аң-сезиминин спецификасына кылдат байкоо жүргүзгөн Г. Д. Гачев: «Элдин түшүнүгүндө ат ааламдын үстүңкү бөлүгүнө таандык («Аш –адамдын кубаты, ат – адамдын канаты»). Калган жаныбарлардын баарысы жерге ыкташып, жерге боор тартышат. Ат гана ар дайым бет алдына жана ай-асманга көз тигет; жал-куйругун канат кылып, жердин тартуу күчүн жеңип өтүп, көккө көтөрүлөт. Аны менен бирге асмандап адам да учат. Ат алып-учуп бараткан адамдын көөдөнү - көктө, көкүрөгү - асманда, өрөпкүгөн көңүлү - өйдөдө. Андай кезде адам жердеги опоосуз дүйнөнүн баардык түйшүк-тиричилигин унутат. Элдик ырларда ат ар дайым ай, күн, асман, жылдыздар менен чогуу жана катарлаш... Ал адамдын атрибуту жана ат аркылуу адам асман менен танапташат»,- дейт да, бул пикирин кыргыз фольклорунан алынган мисалдар менен бекемдейт.

Ушундан улам, эмнегедир «Гүлсараттагы» мына бул сүрөттөр көз алдыга тартылат:

«Арылдаган шамал менен жан кашайткан ызалыктан көзү караңгылап, кара жол зымырылып бут алдына жоголуп, асмандагы күн оттуу шар болуп көктөн ылдый каршы дөңгөлөнүп келаткансыйт».

«Ошондо тайпаң белге атып чыгып, толкундун жалына каргыгандай болду да, көз ирмемге асман-жердин ортосунда каалгып илинип калгансыды. Көөдөнүн күч жарып, көзүнөн от жанып, Гүлсары белден ылдый апай бетте жылдыз болуп агып учту».

«Карагер айгырчан казак жигит такымындагы улакты бултактатып, батып бараткан күндү көздөй түз салды. Саал болсо тиги алоолонгон күндүн оозуна жутулуп кетчүдөй, кызыл түтүн булатып, кайып болчудай кетип барат».

«Ээлигип келаткан Гүлсары бошоно калган соң шукшурулуп жөнөдү. Жер танабы кыскарып, четте кызарып турган күн бери карай дөңгөлөңгөндөй болду».

«Эки ат болсо катарлаша жер сабап, жан уруп, алоолоңгон күндүн оозуна түптүз кирип баратты».

«Экөөнүн күчүнөн бири бирине жабышкан аттар кызарган күндүн оозуна жетүүгө ашыккандай жер көчүрүп, баш айланта чаап баратты».

«Гүлсары кулан ээк таңды көздөй, балбылдап турган чолпон жылдызды көздөй зуулдап барат».

Мынакей, Ч. Айтматовдо да ат өзүнүн табигый стихиясы болгон чуркоо учурларында ар убак асман, анын ажырагыс атрибуттары – куш, күн, жылдыз менен бирге сүрөттөлөт. Ал жөн гана чуркабайт; канаттудай «шукшурулуп» учат («Манастагы» Чынкожо менен Коңурбайдын аттары да канаттуу экенин эстейли). Аягы астында чимирилген кара жердин бар же жогу сезилбей, асман менен айкалышып кетүүгө ашыккандай аркырап бараткан абалында ал «көз ирмемге асман-жердин ортосунда каалгып илинип калгансыйт». Асмандагы алоо күн аны карай дөңгөлөнүп, ат күндү көздөй зуулдап, айтор, ал экөө тең бири бирине жуурулушуп кеткенге дымактаңгансыйт. Ат асманга, күнгө, жылдызга умтулуп, атүгүл өзү да «жылдыз болуп агып учкансыйт».

Ырас, Айтматовдук бул «оптиканын» өзгөчөлүктөрү көп жагынан бала кезден берки реалдуу турмуштук, китептик-маданий жана азыркы кинематографиялык таасирлер менен шартталган. Ошондой болсо да, мына ушунун баарынын артында, түпкү тегинде жана тереңинде аттан улам келип чыккан архаикалык элес-түшүнүктөрдүн уюткулуу тажрыйбасы жатаары талашсыз. Байыркы көчмөн уруулардын чарбачылык жана жоокерчилик турмушунда аттын ролу абдан зор болгону маалым. Ошо себептүү алар атка айрыкча ызат менен карашкан. Анын адамга кылган ак кызматын, учкул күлүктүгүн баалашкан. Ушундай асыл касиеттери жана канаттуудай учкулдугу үчүн аны асманга танапташ кылышкан. Эртеги моңгол-түрк урууларынын мифологиялык түшүнүгүндө карапайым көр пенделер жашаган кара жерден айырмаланып, асман – ыйык рухтар менен теңирлер мекендеген ажайып бир касиеттү сфера. Демек, ат асманга танапташтырылуу менен Теңирге теңештирилген. А Теңирди болсо, түрктөр күн түспөлдүү элестетишип, Көк Теңирдин жүзү деп күнгө сыйынышкан. Ошентип ат алардын аң-сезиминде күндүн ыйык символуна айланган. «Күлүк аттуу күндүн» символдору болушкан аргымак тулпарлардын образдары алардын искусствосунда аябагандай популярдуу экени мына ошондон улам келип чыккан.

Ыйык «асман атынын» жарташтарга тартылган сүрөттөрү Борбордук Азияда алгач ирет биздин замандан муруңку миңинчи жылга жуук пайда боло баштаган. Биздин замандан баштагы V-VIII кылымдарда алар Саян-Алтайдын тоолуу жерлери менен Моңголиянын мейкин талааларынан тартып, Скиф-Сак дүйнөсүнүн күнбатыш чегине чейиңки көз кайкыган аймакта кеңири таралган. Ушул чексиз аймактын ар кайсы чөлкөмдөрүндөгү петроглифтерде аттын кудум Ч. Айтматов сүрөттөгөндөй шукшурулуп учуп баратып «көз ирмемде асман-жердин ортосунда каалгып илинип калгансыган» элеси чагылдырылган. Аркырап сызган ат жаныбардын мына ушул кайталаңгыс абалдагы көз ирмемдик элесин азыр адам киноаппараттын жардамы менен акырындатып тартып алуу аркылуу гана ачык-айкын көрө алды. Бүт өмүрү ат менен өткөн а кездги көчмөн адамдын кадик көзү аны ошондо эле кыраакылык менен байкап, ал ажайып элести таш бетине түбөлүккө чегип калтырган.

Мелмилдеген Евразия мейкиндерин мекендешкен байыркы көчмөндөрдүн мифологиялык аң-сезиминде жана космогониялык көз-караштарында зооморфтук образдардын өтө популярдуу болушу алардын искусствосунда «айбанаттык стилди» пайда кылган. «Айбанаттык стиль» жазмасы жок сак-скиф урууларынын дүйнөгө көз-караштарын, мифологиялык элес-түшүнүктөрүн, архаикалык салт-санааларын жана бүт идеологиясын сүрөт өнөрү аркылуу туюнткан өзгөчө семантикалык система болгон. Бул семантикалык система кийин алардын ордуна келишкен калайык-калктар тарабынан кабыл алынган. Ошо бир убактарда сактардын учкул фантазиясы жараткан уламыштар менен образдар Борбордук Азия калктарынын мифологиясында, фольклорунда жана сүрөт өнөрүндө азыр да бар. Айталы, кыргыздар менен казактар да алар сыяктуу ааламдагы ар түрдүү кубулуштарды айбанат дүйнөсүнөн алынган түшүнүктөр аркылуу аңдашкан. Асмандагы жылдыздарды алар Акбоз ат, Көкбоз ат, Үч аркар, Алты аркар же Жети аркар деген сыяктуу зооморфтук терминдер менен аташкан. Ай-жыл сүрүштүргөндө да айбанаттардын аттарын (чычкан, уй, бугу, коён, кулжа, жылаан, жылкы, кой, теке, жалган куран, чын куран, доңуз ж. б.) колдонушкан. Көркөм өнөрчүлүктө «айбанаттык стилдеги» оймо-чиймелерге (кочкор мүйүз, сыңар мүйүз, өркөч, бугу мүйүз, бөрү кулак, куш тумшук ж. б.) көп кайрылышкан. Ошондой оймо-чиймелер менен боз үйдүн үзүк-туурдуктарын, туш кийиз, шырдактарды, кийим-кечектерди жана башка буюмдарды кооздошкон.

Айбанаттардын арасынан жылкыны айрыкча ардактаган көчмөн элдин кереметтүү жомоктору менен баатырдык эпосторунда ат «жакшылыкта да, жамандыкта да ар адамдын жан жолдошу, талыбас канаты» катары сүрөттөлгөн. Ошон үчүн эл-жеринен алыста азып жүргөн Эр Төштүк:

«Чалгынга миңген Чалкуйрук,

Ушундан бөлөк буудан жок.

Эңкейип кетсе эсил баш

Ушундан башка тууган жок», -

деп, астындагы миңген атын кадыресе эш тутат. Ат жаныбар керек кезде баатырдын колунан келбеген керемет иштерди жасап, аны ажалдан арачалап калат. Эпос баатырдын атсыз калышын анын өлгөнүнө тете кылып көрсөтөт. Аргымак аттарынан айрылган Семетей менен Курманбектин кейиштү тагдыры буга айкын далил. Кыргыз жана казак эпосторунда дулдул тулпарлардын ар дайым ээсине тирек болуп, кишиче сүйлөп, айрым учурларда: «Жылкычы Камбар пирибиз»,-дешип, жадагалса өздөрүнүн түпкү тек жайынан өйдө териштирип турушу аларды архаикалык мифологиядагы айбанат тотемдер менен колдоочуларга жакындаштырат. Бирок аргымак аттардын образындагы мифологиялык мотивдер эпосто баатырдык пафоско баш ийдирилген. Жалпылап айтканда, эпосто ат кылык-жоругу жагынан да, жана ошондой эле, кулк-мүнөзү боюнча да адамга тең катар коюлган.

Көчмөн эл кечээ жакынга чейин эле өзүнүн күндөлүк жашоо-тиричилигин жылкысыз элестете алган эмес. Жоо келип кошун куралабы, жер дүңгүрөп жортуул башталабы же эр жигиттер барымтага барабы, айтор, ат адамды ар дайым коштоп жүргөн. Аргымак ат айрыкча аш-тойлордун көркү болгон. «Күлүк күнүндө, тулпар тушунда» дегендей, андай учурларда буудан аттын да, аны аспиеттеп таптаган ээсинин да багы сыналган. Ошон үчүн «Гүлсаратта» Танабайдын чоң байге башталаар алдында: «Кана, Гүлсарым, Камбар-Атаң жар болсун. Үмүттү актай көр, деп күбүрөп, жоргонун жалын тарап, омуроосун улам-улам таптап, көзгө көрүнөөр күнүң бүгүн. Багың ачылаар күнүң бүгүн!»-деп толгонуп турган абалын түшүнсө болот. Не дегенде, байгеден алдына ат салбай чыгып келген сай күлүк өзүн да, асыраган ээсин да көпчүлүктүн көзүнчө урмат-сыйга бөлөгөн. Күлүк аттын атак-даңкы далайга даңаза болгон. Анын аркасы менен ал ат тиешелүү болгон адамдын, айылдын же уруунун кадыр-баркы кошо көтөрүлгөн.

Бу тууралуу Ч. Айтматовдо: «Ошол жылы жазында жоргонун жылдызы жаркырап көкөлөдү. Кары да, жаш да: «Гүлсары! «Танабайдын жоргосу», «Айылдын көркү» деп, ооздон түшүрбөй жүрдү. А тиги «Р»га тили келбеген шакмар мурун балдар да топурагы бырпылдаган көчөдө жоргонун жүрүшүнө салып жүгүрүп, биринен бири талашат: «Мен Гүлсалы...жок, мен Гүлсалы...Апа, айтчы, Гүлсалы менмин ээ? Чү, жаныбайым Гүлсалы! Эй-ии, мен Гүлсалы!...»,-деп чуулдашып жүгүрүшөт», -деп айтылып, анан ошо чоң байгеге арналган эстен кеткис эпизоддордо элибиздин атты ашкан кумар көргөн санжыргалуу салт-санаасы ушунчалык бир эргүү менен сүрөттөлүшү тегин жерден эмес да.

Эзелтен эле даңкы дуванга кеткен дулдул тулпарлар тууралуу эл арасында ар кандай дуу-дуу аңыз-аңгемелер жаралып, алар муундан-муунга айтылган. Кыргыз ичиндеги «Толубай сынчы», «Шырдакбектин боз жоргосу» тууралуу уламыштар, коңшулаш казактардагы «Аксак кула», «Коңур ала», «Тепең көк», «Боз айгырга» арналган аңыз-аңгемелер эл ичинде азыр деле белгилүү.

Ошентип аттын образы архаикалык мифологиядан азыркыга чейиңки алыс аралыкта ар кандай трансформацияга учурап, акыры элдик аң-сезимде ал адам баласынын артыкча досуна жана жан жолдошуна айланган. Жашоо-турмушунда ат айрыкча мааниге ээ болгон көчмөн элдин жан дүйнөсүнө ат асылдыктын, аруулуктун жана сулуулуктун жаркын символу катары биротоло сиңип калган. Ошондуктан элдик түшүнүк адам менен аттын ажырымын анча айырмалабайт. Ата-эне адатта наристесин «кулунум», «тайым» деп эркелетет; атадан калган баласын апасы «тулпардан калган туягым» деп айтат. Аларды байыркы Грек мифологиясындагы кентавр сыңары ажырагыс биримдикте аңдайт. Кыргыздын атка жасаган мамилесиндеги мына ушул бөтөнчөлүктү Г. Д. Гачев туура баамдап, өзгөчө бөлүп көрсөткөн. Айбанаттардын арасынан атты кыргыз артыкча көрөөрүнө көңүл буруп, ал: «Ошондуктан ат кыргыз үчүн абстрактуу түшүнүктөр жаатында да, жана ошондой эле, адамдардын абийир-ыйманын аныктап билүүдө да табылгыс тараза сыяктуу», -деп белгилейт.

Айтылуу адабиятчыбыз маркум К. Асаналиевдин кезинде Гүлсарыны Танабайдын жаны деп аташы жогорудагы пикирдин акыйкат экенин ырастагансыйт. Аны ошондоорошон окумуштуубуз ыраматылык М. Борбугулов да колдогон: “Жаныбар – имеющий душу”. Атты биздин Кыргызстанда ушинтип айтышат. Байкадыңарбы, Танабай...адамдарды жылдыздай жылтылдаган Гүлсарыга кылган мамилесине карап баалайт. Жана эч качан жаңылбайт. Адамдагы мээримдүлүк менен мыкаачылык, ак көңүлдүк менен арамзалык, айкөлдүк менен өзүмчүлдүк каарманга ат аркылуу ачылат.

Гүлсарыны көтөрө чалып көкөлөтүү (поэтизациялоо), атты асыл жанга айландырып ардактоо – кыргызга мүнөздүү улуттук мотив”.

Айтор, буга чейиңки айтылган ой оролун көңүлгө тутуп, Г. Д. Гачевдин сөзү менен айтканда, кыргыз элинин кылымдар кыйырынан келаткан көрөңгөлүү поэтикалык түшүнүктөрү боюнча ат «адам тарабынан жаратылган жасалма дүйнө менен жапан жаратылышты бири бирине жалгаштырган ортомчу сыңары. Ат сыяктуу эле, адам да табигат менен «искусство» ширөөсүнөн бүткөн эки ортодогу жан болгондуктан, демек, ал үчүн аттан ашкан ынак, андан артык аздек жок». Ч. Айтматовдо да Гүлсары – Танабайдын жан жолдошу, адамдан жакын азиз досу. Шексиз, буга калкыбыздын салт-санаасындагы жана аң-сезиминдеги ат менен адамды ажыратпай караган өзгөчө концепция кайсы бир даражада өбөлгө болгон. Маселенин ушул жагына убагында сынчы Л. Якименко да кайрылып, «Гүлсараттын» сюжеттик негизинде эпикалык структура турганын, Гүлсары жорго менен Танабай жылкычынын таржымалы, ал таржымалдын түпкү төркүнү элдик ырларда, эпикалык уламыштарда эчен ирет иштелген поэтикалык жагдайда жатканын» учкай эскерткен эле. Бул, албетте, повестеги ат менен адамдын айкалыш тагдыры жана образы жалаң гана улуттук традициянын шарапатынан бүттү дегендик эмес; антүү бир биткейлекти билдирмек. Ошон үчүн биз повесть тууралуу сөз баштаар алдында Гүлсарат менен Танабайдын эгиз түгөй образы эң оболу дүйнөлүк рухий, анын ичинде, эстетикалык маданияттын алдыңкы салттарында тарбияланган азыркы жаңыча көркөм аң-сезимдин туундусу экенин атайын белгилегенбиз. Анын үстүнө, адам менен айбанаттын ар кыл кырдаалдардагы өз ара алакасын көрсөтүүгө арналган көркөм чыгармалар адабият тарыхында деле аз эмес. Башкасын айтпаган күндө да, К. Асаналиев адилет белгилегендей, дүйнөлүк адабияттагы терең психологизмдин чыгаан устаты даңазалуу Л. Толстойдун түздөн-түз ат турмушу тууралуу жазылган «Холстомеринен» же Т. Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романындагы айтылуу Айсарала менен Ыманбайдын бештен белгилүү образдарынан(айтмакчы, «Тоо арасынданын» экинчи китебин орус тилине которгон Ч. Айтматов эмеспи), болбосо, А. Жакыпбековдун “Айгашка” баянынан Ч. Айтматов кантип эле кабарсыз калсын. Белгилүү го, айбанат дүйнөсүн антропоморфтоштуруу жана аны адам дүйнөсү менен карым-катнашта көрсөтүү Л. Толстойдун психологиялык методунун маанилүү көркөм принциптеринин бири. Ырасында да, анын чыгармаларында ат да, ит да, атургай дуб да адам сыяктуу сезип-туюу жана ой жүгүртүү касиетине ээ; бүт табигат жандуудай. Бул өзгөчөлүк Л.Толстойдун дүйнөгө көз-караш системасындагы мындай бир бөтөнчөлүккө да байланыштуу: улуу жазуучу айкөл гуманист катары адам баласынан жаратылыштагы жан бүткөндүн баарысын жүрөгүндө алпештеген асылзаадалыкты жана назик сезимталдыкты күткөн. Пенденин пейили агарса, ааламдын бир да макулугу андан азар тартпаса деп тилек кылган. «Холстомер» Толстойдун чыгармачылыгын баштан аяк аралап өткөн ушул өзөк идеянын бир көрүнүшү.

Ч. Айтматовдун «Гүлсараты» менен андан кийиңки «Ак кеме» повестин астыртан азыктандырган да мына ошол Л. Толстой катуу карманган философиялык-ыймандык көз-караш. Адабиячы Л. Новиченко менен болгон маегинде ал тууралуу Ч. Айтматов өзү мындай дейт: «...Адамдын жан дүйнөсүндөгү жакшы сапаттар (жапакечтик, ак пейилдик, асылдыкты түшүнө билүү) анын жаратылышка жасаган мамилеси аркылуу да өркүндөөрүн эске алуу керек».

Арийне түпкү концепция жана атты антропоморфтоштуруп аңдоо ыкмасы жагынан анча-мынча жакындашса да, а бирок проблеманы конкреттүү, көркөм чечмелешке келгенде, Толстой менен Айтматов бири биринен кыйла айырмаланышат. Эмне дегенде, «Холстомер» менен «Гүлсарат» жалаң гана жалпы адамзаттык идеялар менен түбөлүктүү маселелердин түп жайын чагылдырган чыгармалар эмес. Алардын ар биринин эстетикалк-көркөм структурасы менен негизги идеялык мазмунуна ири алды өз мезгилдеринин, жана ошол мезгил туундулары болушкан авторлордун, ошондой эле, улуттук традициялардын кайталаңгыс тамгасы басылган. Холстомердин өз таржымалын айткан узун сабак кайгылуу баянынан биз баарыдан мурда а кездеги адилетсиз турмуштун думуктурган духун туябыз. Адамдар арасында жеке менчикчил мамилелердин араанын ачкан андай коомдук атмосфераны ашкерелеген Толстойдук идеяларды эшитебиз. Социалдык дүйнө менен табигат дүйнөсүнүн бири биринен таптакыр жатыркап калган таасын ажырымына күбө болобуз. Ал эми Ч. Айтматовдун повестинин идеялык-көркөмдүк пафосу болсо, ушундай кедерине кеткен кейиштү жашоо жагдайын караманча жаңыртып, кайра куруу жолунда кездешкен ар кандай карама-каршылыктарды жана кыйынчылыктарды адам менен аттын параллель тагдыры же образы аркылуу аңдоого негизделген. Толстойдун Холстомери өңдү Гүлсары да бүт айбандык туруш-турпаты жана жорук-жосуну менен сүрөттөлгөн өзүнчө кейипкер; биз реалдуу турмушта көрүп-билип жүргөн кадимки эле жылкы жаныбар. Экинчи жагынан, ал да Холстомер сыяктуу жапайы жаратылыштын жаркын символу. Бирок ошону менен бир катарда, Гүлсары Танабайдын жан-дилиндеги эң бир таза, ыйык сезим-туюмдардын жана табигый ышкы-кумарлардын каймана тунтмасы дагы. Бу жагынан ал Толстойдун атактуу атынан айтаарлык айырмаланат.

Дал ушул адам баласы (Танабай) менен жаны бирге сүрөттөлүшү, бир эле учурда конкреттүү турмуштук, аллегориялык-метафоралык жана философиялык-символикалык ыңгайда аңдалышы, башкача айтканда, кат-кат маани камтыган татаал синтетикалык образ экендиги аны (Гүлсаратты) Холстомерден да, Айсараладан да, Айгашкадан да айырмалуу өзгөчө абалга коёт. Сөз жок, Т. Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романында да адам менен аттын эриш-аркак таржымалы баяндалган. Бирок бул сырткы гана түспөлдөштүк. А чындыгында, Ыманбай менен Айсарала, жана алардын өз ара мамилеси анда таптакыр башкача идеялык-эстетикалык планда сүрөттөлгөн. Экөөнүн кулк-мүнөзү жана көргөн күнү окшош болгону менен, Ыманбай да, Айсарала да ар убак өз арбайын согушат; бири бирине жемин жедирбешке аракет кылышат; кадимкидей эгешип эрегишет; ар кимиси керт башынын гана кызыкчылыгын көздөп, айтор, ымалалары анча келишпейт. Сөздүн ток этээр жерин айтканда, «Тоо арасында» романында ат менен адамды жамандык-жакшылыкта ажырашпас дос, кыйышпас жан жолдош кылып көрсөткөн, жана Ч. Айтматов тарабынан «Гүлсаратта» азыркы заман талабына ылайык жаңыча көркөм-идеологиялык негизде кайрадан аңдалып асылдандырылган эзелки семантикалык структуранын тетиринче же пародияланган модели берилген.

Ч. Айтматовдо болсо, ат адамдан ажырагыс. Гүлсарат Танабайдын жан дүйнөсүнүн поэтикалык символу сыңары. Бул эки образ чыгарманын башынан тартып аягына чейин маңдай-тескей коюлган кош күзгү сымал бири биринин өмүр-тагдырларын жана жан сырларын өз ара чагылдырып жүрүп отурушат. Айтматов айбанат (Гүлсарат) менен адамдардын карым-катнашындагы ар кандай жагдайлар аркылуу жашоо-турмуштагы реалдуу мамилелерди жана ашкан маанилү ыймандык-философиялык маселелерди аңдайт. Албетте, ал аны менен айбанатты идел тутуп жаткан деле жери жок. Тек, өздөрүнүн эгоистик мүдөө-кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн эчтемеден кайра тартпаган жана жийиркенбеген айры буттуу адамдарга караганда, айбан мал болсо да, ат жаныбар алдаканча асылзат экенин айтып жатат. Арийне Ч. Айтматов Гүлсарыны, айталы, Толстойдун Холстомеринчесинен өз жашоо жагдайы туурасында ойлонтуп философчулук кылдыруудан алыс. Анткени ат Айтматовго баарыдан мурда жаратылыштын өкүлү жана ушул туруш-турпатында Танабайдын тубаса ышкы-сезимдеринин табигый туюнтмасы катары маанилүү. Ошондуктан Гүлсарынын жан дүйнөсүн ал анын айбанаттык аң-сезиминин алкагында гана, башкача айтканда, эч бир апыртпастан жана жаратылыштын өзүндөй жасалмасыз туюндурат. Гүлсарыны жаратылыштын сезимтал жан-дили жана унчукпас «тили» шекилинде сүрөттөйт. Айлана-чөйрөгө аттын көзү менен кароо аркылуу Айтматов ошондой эле, адам баласынын баам-парасатына уруна бербеген не бир керемет элестердин, назик добуштардын, адеми түстөрдүн жана ажайып жыттардын «образдарын» чагылдырган өзгөчө поэтикалык призмага да ээ болгон. Ошондуктан Гүлсаратсыз повесть жана анын баш каарманы Танабайдын өмүр таржымалы, чындыгында да, ойдогудай орошон идеялык-эстетикалык маани-маңызга ээ боло алмак эмес.

Ч. Айтматовдун бул чыгармасы, чын-чынына келгенде, адам менен айбанаттын эриш-аркак тагдырын эстетикалык аңдоо аркылуу элдик турмуштун тээ тереңдеги табигый жана рухий башат-тамырларын тастыкташка айрыкча басым жасаган азыркы адабияттагы анималистик тенденцияны көп жагынан жаңылап күүлөгөн күчтүү көркөм детонатор болду.

Калык Ибраимов,

Философия илимдеринин кандидаты,

СССР жана КР жазуучулар Cоюзунун мүчөсү,

Кыргызстан Ленин комсомолу

сыйлыгынын лауреаты

Пикир

Оставить комментарий