• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Кыргызстанда 643 миң гектардан ашык аянтта дан өсүмдүктөрү жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 643,2 миң га (96,3 %) аянтта жүргүзүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 88,8 миң га көп жыйналууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинде буудайды оруп жыйноо иштери 240,5 миң га аянтта аткарылды. Бул өткөн жылга караганда 37,8 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 30,0 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 6,6 ц/га жогору. Айрыкча, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында түшүмдүүлүк 29-31 ц/га түзүүдө. Дүң жыйым 722,1 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылга караганда 248,2 миң тоннага көп.

Арпа 245,9 миң га аянтта жыйналып, жумуштар бүткөрүлүп отурат. Бул өткөн жылга караганда 44,6 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 26,0 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 4,9 ц/га жогору. Дүң жыйым 638,3 миң тоннаны түзүп, былтыркыга караганда 214,0 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29,1 ц/га жетүүдө.

Ошондой эле, чанактуулар жалпы 53,0 миң га аянтта жыйналды. Түшүмдүүлүк 14,8 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 ц/га көп. Дүң жыйым 78,2 миң тонна болуп, 2023-жылга караганда 11,9 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Чүй облусунда – 18,3 ц/га.

Жүгөрү (дандык) жалпы 91,7 миң га аянтта (83,4 %) жыйналды. Түшүмдүүлүк 69,0 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 ц/га көп. Дүң жыйым 632,8 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 44,2 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда – 75,6 ц/га.

Картошка 65,3 миң га (98,3 %) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 178,4 ц/га болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,1 ц/га жогору. Дүң жыйым 1164,1 миң тоннаны түзүүдө. Ысык-Көл облусунда түшүмдүүлүк 197,8 ц/га түзүүдө.

Жалпы жашылчанын жыйымы 1452,3 миң тоннаны, бахча өсүмдүктөрүнүн жалпы жыйымы 336,5 миң тоннаны түзүп отурат.

Май өсүмдүктөрү 13,8 миң гектар аянттан жыйналып (96,3 %), түшүмдүүлүк гектарына 11,2 центнерди түзүп, жалпы жыйым 15,4 миң тоннаны түзүп отурат.

Кант кызылчасы 11,5 миң гектар аянттан жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 621,7 центнерди түзүп, бул 2023-жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчүнөн 142,7 центнерге жогору. Жалпы жыйым 713,9 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 319,7 миң тоннага көп болууда. Быйыл бул өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү жогорку деңгээлде болууда.

Пикир

Оставить комментарий