Ташкент, 10.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда 2025-2027-жылдарда айлана-чөйрөнүн желим баштыктардан булганышын азайтуу боюнча Улуттук программанын долбоорун иштеп чыгуу пландалууда. Бул быйылкы жылдын мамлекеттик программасынын коомдук талкууга коюлган долбоорунда камтылган.
Документте 2027-жылдан тарта желим баштыктарды өндүрүүгө, импорттоого жана колдонууга тыюу салуу, экологиялык жактан таза баштыктарды колдонууга өтүү сунушталууда.
Мындан тышкары, желим буюмдардын курамында зыяндуу химиялык заттарды колдонууну чектөө жана таңгактарда кайра иштетилген желимди колдонуунун коэффициенттерин белгилөө пландалууда.
Документтин долбоору 2025-жылдын сентябрына чейин иштелип чыгып, 2025-жылдын ноябрь айына чейин министрлер кабинетине киргизилиши күтүлүүдө.
Учурда 100дөн ашык мамлекет бир жолу колдонулуучу желим баштыктарга толук же жарым-жартылай тыюу салынган. 2010-жылдан 2019-жылга чейин пластмассадан акырындык менен баш тартууга багытталган мамлекеттик программалардын саны үч эсеге өстү.
Тактап айтканда, Кыргызстанда да 2027-жылдан тарта желим баштыктарды жана желим буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана бекер таратууга тыюу салуу тууралуу мыйзам 2023-жылдын августунда кабыл алынган.
Эскерте кетсек, 2025-жыл Өзбекстанда "Айлана-чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика жылы" деп жарыяланган.
Пикир
Оставить комментарий