• 87
  • 90.59
  • 0.86

Айыл чарба министрлиги: 562 чакырым чарба аралык канал оңдолду

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда 26-ноябрга карата 561,4 чакырым чарба аралык каналдарга оӊдоо жана механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо жана тазалоо иштери Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан аткарылды.

Ошондой эле 567 гидротехникалык курулмаларды, 218 суу өлчөөчү постторду, 115 насостук станцияларды, 216 насостук агрегаттарды оңдоо, 23 насостук агрегатты алмаштыруу жана 10 суу топтоочу курулмаларды (4 суткалык, 3 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 3 суу сактагычтын), 104,0 км коллектордук-дренаждык тармакты механикалык тазалоо иштери аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий