• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Айыл чарба министрлиги дыйкандарды картошка экспортун талкуулоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. 27-августта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде картошканы экспорттоо маселесин талкуулоо пландалууда.

Ведомство кызыкдар болгон бардык өндүрүүчүлөрдү, картошканы экспорттоочуларды талкууга активдүү катышууга чакырат. Ага онлайн дагы катышууга болот.

"Картошканы экспорттодо эң орчундуу көйгөйлөрдү алдын ала айтып, түшүмдү массалык чогултуу башталганга чейин министрлик менен маселелерди бирге чечүү керек", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууга катышуу үчүн катышуунун форматын (онлайн же жеке), өзүңүз тууралуу маалыматты 0702844844, же 0704 688 161 номерлерине маалымдасаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий