• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айыл чарба министрлиги эгиндерди сугаруу үчүн кудуктарды ишке киргизүүнү пландоодо

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2 миң 875 кудук бар, анын ичинен 1 миң 449у – бул сугат үчүн кудуктар. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, Суу чарба агенттигинин адистери артыкчылыктарды аныкташты.

«Азыр ишке киргизүү керек болгон 600 кудук бар. Агенттиктин карамагындагы кудуктар иштеп келген, ал эми айыл өкмөттөрүнүн карамагындагы кудуктар иштетилген эмес. Биз аларды дагы иштетүү үчүн иш алып баруудабыз. Кудуктар дыйкандар үчүн эгин суугаруудагы кошумча каражат болмокчу»,-деди министр.

Пикир

Оставить комментарий