• 85.8
  • 93.46
  • 0.87

Айыл чарба министрлиги: Экспортко ылайыктуу органикалык таза өсүмдүктөр көбөйтүлөт

Коом 0

Бишкек. 18.02.19 /Кабар/. Быйылтан тарта экспортко ылайыктуу органикалык таза өсүмдүктөрдү көбөйтүүгө басым жасалат. Бул тууралуу айыл чарба министри Нурбек Мурашев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы ар бир региондогу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, ошол региондогу рентабелдүү көп киреше берүүчү жана экспортко багытталган өсүмдүктөрдүн түрлөрүн өстүрүү дыйкан-фермерлерге сунушталып жатат.

Министр региондордо тамчылатып сугаруу системасын киргизүү менен пайдаланылбай калган айдоо жерлери өздөштүрүлөрүн кошумчалады.

Мурашев билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча дан өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты орточо 623 миӊ га деӊгээлинде калууда. Жазгы себүүгө 26,3 миӊ тонна буудай үрөнү керектелет. Бүгүнкү күнгө топтолгону 22,4 миӊ тонна же керектөөнүн 86,2%ын, ал эми арпа 35,9 миӊ тонна керектеле турган болсо, топтолгону 31,6 миӊ тонна же керектөөнүн 88,2%ын түзөт. Республикадагы өткөн жылкы калдыктарды эске алуу менен учурда 35 миӊ тоннадан көбүрөөк жер семирткич бар. Ал эми күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча 2019-жылкы айдап-себүүгө 39,1 миӊ тонна дизелдик отун талап кылынат. Бүгүнкү күндө 20,5%ы камсыз болгон. Айыл чарба техникалары былтыркы менен бирдей деӊгээлде – 85-90% даяр.

Жазгы айдап-себүүдөгү эӊ орчундуу маселелердин бири – бул ирригация тармагын оӊдоо жумуштарын өз учурунда бүткөрүү болуп саналат. Андыктан, Финансы министрлигинен бюджетте каралган каражаттын 80% бөлүп берүү суралып жатканы айтылды.

Депутат Мирлан Бакиров жер тилкелерин инвентаризациялоону аягына чыгаруу зарылдыгын баса белгилеп, "жерлерди инвентаризациялоо болбосо, көмүскө экономика улана берет", - дейт министр.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул багыттагы иштер жакшы жүрүп жаткандыгын маалымдады. Ошондой эле Боронов быйылтан тарта экспортко ылайыктуу органикалык жактан таза өсүмдүктөрдү көбөйтүүгө басым жасоого аракеттер болуп жаткандыгын билдирди. Мындан сырткары, комитет мүчөлөрү айыл чарба техникаларын лизинг менен берүүгө өкмөттүн даяр экенин такташты.

Депутат Кенжебек Бокоев коӊшу Казакстан менен бензиндин баасындагы айырма 10-15 сом болуп жатканын, ЕАЭБге кирген эки өлкөдө эмне үчүн мындай айырмачылыктар болуп жатканын сынга алды. Жыйынга катышкан Экономика министрлигинин өкүлү Казакстан менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр ишке ашса, бензиндин баасы дагы түшөөрүн маалымдады. Депутат Абылкайыр Узакбаев жаз алды менен дыйкандарга кайсы өсүмдүктөрдү өстүрүүгө басым жасаса болоорун сунуштасаӊар деген тилегин министрликке багыттады. Жыйынга катышып отурган депутат Акылбек Жапаров Орусия Федерациясы менен логистикалык, сорттоочу, таӊгактоочу борбор куруу маселесин сүйлөшүү зарылдыгын белгиледи.

Жарыш сөзгө чыккан депутат Мирлан Бакиров жазгы айдап-себүү иштери боюнча Жогорку Кеӊештин токтомунун долбооруна айыл чарбасы менен мал чарбачылыгын камсыздандыруу маселесин киргизүүнү сунуш кылды. Депутат Асылбек Жээнбеков тармактык министрликти үрөнчүлүктө маселе жаралбагандай деӊгээлге жетишүүгө чакырды. Анын пикиринде, буга толук мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн Жер пайдалануу институтуна көӊүл буруп, бутуна тургузуу керек.

Жыйын жүрүшүндө бир катар депутаттар жылдан жылга жазгы айдап-себүү иштерине даярдыктар жакшыра баштаганын белгилешти.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров үрөнчүлүк, асыл тукум мал чарбасы мамлекеттик дотацияга алынып, жеӊилдетилген насыя берилип, дыйкандардын, фермерлердин көйгөйлөрү жылдан-жылга акырындап чечиле баштагандыгына токтолду. Ошону менен катар бүгүнкү жыйында айтылган сунуш-пикирлер комитеттин бөлүмүндө иштелип, Жогорку Кеӊештин токтом долбооруна кирерин маалымдады.

Жыйынтыгында жазгы айдап-себүү иштери боюнча Өкмөттүн даярдыгы тууралуу маалыматты эске алуу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий