• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Айыл чарба министрлиги картошка экспорттоочуларды кызматташууга чакырат

Экономика 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги картошканы Өзбекстанга экспортоого кызыктар тараптарды, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү кызматташууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, учурда министрликтин жооптуу кызматкерлери аталган продукцияны экспорттоо жолдорун аныктоо үчүн Өзбекстандын соода жайларына жеринен мониторинг өткөрүшүүдө. Алар онго жакын ири соода жайларынын администрациялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Анын жыйынтыгында, Кыргызстандан өндүрүлгөн картошка Өзбекстандын "Корзинка" ири соода тармагында сатылуусу күтүлүүдө. Ташкент шаарында эле 12 ири чекене жана дүң соода борборлору бар. Ошондой эле учурда коңшу өлкөдө картошкага болгон суроо-талап жогору экендиги аныкталды.

Бардык кызыктар тараптар суроолор боюнча министрликтин адисине төмөнкү номер аркылуу байланыша алат: 0702844844

Белгилей кетсек, министрлик буга чейин картошканы эл аралык рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн, тоскоолдуктары жана аларды жоюу жолдору боюнча жыйын өткөргөн. Анда ата мекендик өндүрүүчүлөр менен бирге картошканы Өзбекстанга экспортоо маселеси да талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий