• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Айыл чарба министрлиги: Өлкөдө 329,8 миң тонна чыктуу тоют даярдалды

Экономика 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. 2024-жылы өлкөдө 329.8 миң тонна чыктуу тоют даярдалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикада сүт өндүрүүнүн негизи болгон чыктуу тоюттарды даярдоого өзгөчө көңүл бөлүндү. 2024-жылда чыктуу тоют (силос, сенаж) даярдоо 325, миң тонна керектелгендиги белгиленген.

2024-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча 329,8 миң тонна чыктуу тоют даярдалып, белгиленген план 101,5% пайызга аткарылды.

Чыктуу тоют өзгөчө Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында көп даярдалды.

Пикир

Оставить комментарий