• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Айыл чарба министрлиги: МТСтер жаңы үлгүдөгү техникалар менен камсыздалууда

Экономика 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында "К.О. Стандарт Агросервис" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышып, МТСтердин паркын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз пайдалануу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган ЖЧК Кыргызстандын айыл чарба рыногун жогорку сапаттагы техникалар менен камсыздап келет.

Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба техникаларын, атайын жабдууларды лизингге алуу, комбайндарды, тракторлорду жана тиркемелерди сатып алуу үчүн насыяны тариздөө боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү маселелери каралды.

Жыйынтыгында дыйкан чарбалар менен айыл чарба кооперативдери үчүн компаниянын базасында айыл чарба техникаларын оңдоо, аларды лизингге алууда насыя берүү боюнча семинарларды уюштуруу, өлкөдөгү 150дөн ашуун МТСтерге “К.О. Стандарт Агросервис” ЖЧКсынын алдыңкы тажрыйбасын жайылтууга багытталган иш-чараларды өткөрүү макулдашылды. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн бир катар чечимдер кабыл алынды.

2011-жылы негизделген “К.О. Стандарт Агросервис” ишканасы Германиянын CLAAS компаниясынын Кыргызстандагы расмий жана жалгыз өкүлү болуп саналат. Компанияда айыл чарба техникаларын тейлөө менен алектенген жогорку квалификациялуу адистер, ошондой эле өзүнө тиешелүү запастык бөлүктөрдүн кампасы бар.

Бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык коюлган тапшырмалардын негизинде МТСтерди заманбап жабдуулар жана жаңы үлгүдөгү технологиялар менен камсыз кылуу, жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий