Айыл чарба министрлиги пияз өндүрүүчүлөрдүн көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев пиязды экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ошондой эле жолугушууга Экономика жана коммерция министрлигинин жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында пияз үчүн потенциалдуу сатуу рыногун аныктоо менен Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жана глобалдык рыноктун мүмкүнчүлүктөрү, тенденциялары талкууланды.

Жолугушууда учурда Россия жана Казакстандын рыногунда пияздын баалары төмөн болуп жаткандыктан Кыргызстанда өндүрүлгөн пияздын быйылкы түшүмүн сатууда көйгөй жаралып жаткандыгы белгиленди.

Дыйкандар пияздын өздүк наркы 1 кг 12-13 сомдон болуп жаткандыгын айтышты. Мисалы Россияда пияздын 1 кг баасы орточо 26 рубль болуп жатса, логистикалык чыгымдар Россияга жеткирүү үчү орточо 18 сомго чейин болгондуктан экспорттоочулар чыгымга учурап калышууда. Буга байланыштуу пиязды экспорттоочулар министрликке аталган маселени чечүүгө жардам берүүнү суранышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Экономика министрлигине пиязды экспорттоодо логистикалык чыгымдарга жардам берүү боюнча тапшырма берилди.

Пикир

Оставить комментарий