• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Айыл чарба министрлигинде дээрлик жарым млрд сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

16-февралда Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, 2021-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 472 млн 357,2 миң сомдук финансылык тартип бузуулар жана кемчилдиктер аныкталды:

  • каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар - 60 млн 147,1 миң сом;
  • бюджеттин кошумча кошуп эсептелген кирешелери - 943,8 миң сом;
  • Соцфонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери - 760 миң сом;
  • бюджеттин чыгымдар бөлүгү жана башка төлөмдөр боюнча бюджеттин жоготуулары - 76 млн 19,5 миң сом;
  • рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар - 289 млн 485,6 миң сом;
  • эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу - 45001,2 миң сом.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сатылып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана жер семирткичтердин 2022-2023-жылдары керектөөчүлөргө сатылышына жана таратылышына утурлама аудиттин жыйынтыгында аныкталган 214 млн 397,9 миң сом жоготуулар боюнча маалыматтар Ички иштер министрлигине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий