Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын 31-августуна карата Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына бюджеттен 599,1 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, аталган кызматка 2023-жылга такталган бюджет 749 млн сом суммасында каралган. Анын ичинен бюджеттик каражаттар 743,6 млн сомду түзөт.
Анын ичинде:
- эпизоотияга каршы иш-чараларга – 86,9 млн сом;
- ветеринардык диагностикага – 205,6 млн сом;
- жаныбарларды идентификациялоого – 30 млн сом.
Ошондой эле жыл ичинде эмгек акы жана соцфонд беренелери боюнча кошумча 137 млн сом каралган.
Пикир
Оставить комментарий