• 87
  • 90.55
  • 0.84

Айыл чарба министрлигинин адистери курултайдын делегаттарына жеринде жардам беришүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери курултайга келген делегаттардын маселелерин жеринде чечүүгө жардам берүүдө.

Ведомствонун маалыматына караганда, министрликтин кызматкерлери курултайдын делегаттарынын кайрылууларын угуп, тиешелүү адисттер бардык суроолор боюнча жооп берүүдө.

"Делегаттардан көбүнчө таза суу, асыл тукум мал чарбачылыгы, ветеринардык кызматы жана кайра иштетүү тармагы боюнча кайрылуулар түшүүдө", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай башталды. Курултайга 700 делегат келди. Анын ичинен 640ы өлкө аймактарынан, 30 киши этностук өкүлчүлүктөрдөн, дагы 30 делегат чет өлкөдөгү мекендештер.

Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинини мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий