• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Айыл чарбасын каржылоо - 10": 4,3 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоору боюнча 1-сентябрына карата 4,3 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы бардыгы болуп 3 категория боюнча 4 млрд 369 млн 749 миң сомго 7 миң 968 насыя берилди.

Алсак, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 1 млрд 135 млн 687 миң сомго 2 миң 802 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 535652,0 миң сомго 1145 насыя;

– “РСК Банк” ААК 475130,0 миң сомго 1215 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 75000,0 миң сомго 206 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 15845,0 миң сомго 79 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 34060,0 миң сомго 157 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 390 млн 951 миң сомго 4 миң 889 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 1140000,0 миң сомго 1976 насыя;

– “РСК Банк” ААК 992068,0 миң сомго 2178 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 150000,0 миң сомго 297 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 14700,0 миң сомго 5 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 35300,0 миң сомго 194 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 58883,0 миң сомго 239 насыя.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 843 млн 111 сомго 277 насыя берилди анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 424610,0 миң сомго 144 насыя;

– “РСК Банк” ААК 294456,0 миң сомго 96 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 66000,0 миң сомго 17 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 6000,0 миң сомго 1 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 11500,0 миң сомго 7 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 40545,0 миң сомго 12 насыя.

Пикир

Оставить комментарий