• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо - 11” долбоору боюнча 3,3 млрд сомго 7339 насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 3,3 млрд сомго 7339 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 886 млн 773 миң сомго 2102 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК, 474 млн 273 миң сомго 1106 насыя;

– “РСК Банк” ААК, 412 млн 500 миң сомго 996 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 413 млн 227 миң сомго 5237 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК,1 млрд 175 млн 727 миң сомго 2502 насыя;

– “РСК Банк” ААК, 1 млрд 237 млн 500 миң сомго 2735 насыя.

Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 3 млрд 300 млн сомго 7339 насыя берилди. Анын ичинен “Айыл Банк” ААК ,1 млрд 650 млн сомго 3608 насыя, “РСК Банк” ААК, 1 млрд 650 млн сомго 3731 насыя.

Пикир

Оставить комментарий