• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

"Айыл чарбасын каржылоо - 11": Дыйкан-фермерлерге 3,29 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 3 млрд 297,9 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, насыя республиканын 7 миң 336 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө берилди.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, насыялоонун көлөмү 3,3 млрд сом.

Белгиленгендей, аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында КР министрлер кабинетинин тескемеси менен "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоору бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий