• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

"Айыл чарбасын өнүктүрүү - 10": Бүгүнкү күнгө чейин канча насыя берилди?

Экономика 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоору боюнча 2022-жылдын 25-мартына карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү багыттары боюнча насыялар берилүүдө.

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 337030 ,0 миң сомго 801 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 151461,0 миң сомго 317 насыя;

– “РСК Банк” ААК 185569,0 миң сомго 484 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 971549,0 миң сомго 1881 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 450084,0 миң сомго 773 насыя;

– “РСК Банк” ААК 521465,0 миң сомго 1108 насыя.

3. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 41660,0 миң сомго 25 насыя берилди анын ичинен:

банктар боюнча:

– “Айыл Банк” ААК 32010,0 миңсомго 16 насыя;

– “РСК Банк” ААК 9650,0 миң сомго 9 насыя.

Белгиленгендей, жалпысынан 3 категория боюнча 1350239,0 млн сомго 2707 насыя берилди.

Пикир

Оставить комментарий