Айылда эт жеп чоңойгондорго жер-жемиштер менен тамактануу абдан эле оор - чет жакта жашаган Гүлнар

ТАГДЫР 0

Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында туулуп өсүп, учурда Туркиянын Анталия шаарында бир нече жылдан бери иштеп, жашап жүргөн мекендешибиз Гүлнар Жолочиева бүгүн биздин маегибиздин каарманы. Гүлнар өзүнүн ал жактагы жашоосу тууралуу бизге кыскача баяндап берди.

-Түркиянын Анталья шаарында канча убакыттан бери жашайсыз?

-Менин бул жакта жүргөнүмө төрт жыл болуп калды. Ошол убакыттан бери көнүп деле калдым.

-Сиз үчүн Кыргызстан менен айырмасы чоң эле болушу керек ээ?

-Ооба, айырмасы чоң эле. Бул жакты Кыргызстан менен салыштыра келсек абдан эле айырмаланып калат десем болот. Түркияда жашоо шарттары жакшы, ыңгайлуу. Мисалга, Анталия абдан эле чоң шаар эмеспи, ошого байланыштуу бир жеринен экинчисине баруу жолдору абдан эле оңой. Транспорттордун түрлөрү бар, ошондуктан бат жана ыңгайлуу шартта барчу жериңе жетип аласың. Бул да болсо өзгөчөлүктөрүнүн бири деп ойлойм.

-Ашканасы биздикинен анча айырмаланбаса деле керек ээ?

-Жок, тескерисинче түрктөрдүн ашканасы биздикинен абдан эле айырмаланат. Булар дасторконго көп жашылча-жемиштерди коюшат. Бизге окшоп айылда эт жеп чоңоюп келгендер үчүн жеңил тамактар менен тамактануу абдан эле оор (күлүп). Албетте, башында келгенде мен деле бир аз кыйналып жүрдүм, бирок адам баласы баарына көнөт эмеспизби. Убакыттын өтүшү менен мен да эл катары көнүп кеттим. Азыр тескерисинче жашылча-жемиштерди көп жейм. Кээде үйдөн өзүбүздүн тамактарды сагынганда жасап жеп турабыз. Биздин манты, бешбармактарды жакшы көрүп жешет бул жактагылар.

-Кыргыздар көп болсо керек...

-Ооба, бул жакта иштеп, жашап жана окуп жүргөн кыргыз уул-кыздар абдан эле көп. Башында келип көчөдө жүргөндө кыргыздарды көрүп, кубанып алар менен учурашчуумун. Азыр көнүмүш адатка айланып калды. Алдыңан чыкса, учурашып андан ары өз жумуштарың менен кете бересиң. Бул жакта жүргөн кыргыздар бири-бирин көрүшсө сөзсүз саламдашышат. Анткени алыстан эле келе жатканда эле “биздикилер” экендиги көрүнүп турат да. Алыстан эле кыргыз жыттанат (күлүп). Айрыкча кыргыздарды шаардын борборунда көп жолуктурам.

-Ал жактагы кыргыздар көбүнчөсү кайсыл тармактарда эмгектенишет?

-Ар кайсыл тармакта десем болот. Өзү Анталия туристтик шаар болгондуктан туризм жаатында иштегендер көп. Бул жакка көбүнчөсү Россия, Казакстанда туристтер көп келишет. Ал эми Кыргызстандан келген жаштар орус тилин абдан жакшы билишет эмеспи. Ошондуктан да биздикилер бул жактан бат эле жумушка орношуп кетишет. Көбү Кыргызстандан келишим түзүп, 2-3 айга келип, иштеп кайра кетишет.

-Ал жакта жумуш шарттары да жакшы болсо керек?

-Ооба, жакшы. Мен алгач келгенде таттууларды коюп алып, көчөлөрдө чай ичип отурган түрктөрдү көрүп абдан таң калганмын. Алар иштебей эле жашоодон ырахат алып жүргөндөй сезиле берчү. Көрсө алар деле эмгектенишет экен (күлүп). Бирок, бул жакта мамлекет тараптан көп колдоо болот. Булардын иштебей жүргөндөй сезилгендиги да ошондон болушу керек. Кыргызстанда болсо мамлекет тарабынан карапайым калкка болобу же жаңыдан гана бутуна туруп, өз бизнесин ачкандарга анча колдоо болбогондонбу, айтор, биздикилер кара жанын карч уруп иштешет эмеспи.

Бул жакта туризм тармагындагылар жылына 8-9 ай гана иштешет. 3 ай сезон болбогон кезде жөн гана эс алышат. Бизде андай эмес да, тескерисинче ошол үч айдын ичинде башка жумуштарды кылып, акча табуунун айласын издешет.

-Бизге окшоп таңкы саат 9дан кечки 7-8ге чейин иштешеби же?

-Жок, бул жакта андай эмес. Көбүнчөсү 8 саат гана иштешет. Эртең мененки саат 9дан кечки 16:00гө чейин. Эгерде бир саат жумушта кармалып кала турган болсоң 17:00гө чейин кошумча жумуш аткаргандыгы үчүн да акча төлөп беришет. Мындайча айтканда эмгекти баалашат. Мен Бишкекте график боюнча иштей турган мамлекеттик жумушта да иштеп көргөнмүн. Жумуш 9:00дөн кечки саат 18:00гө чейин болчу. Бирок кошумча жумуштар болуп калса, калып же кечинде иштесең аны эч ким баалабайт. Тескерисинче сен аны жасаганга милдеттүүсүң дегендей мамиле кылышат. Кылган ишиңди баалап, колдоо көрсөтүп, жакшы шарттарды түзүп беришсе, менимче жаштардын көбү Кыргызстанда эле калышмак.

-Сиз өзүңүз ал жакта кайсыл тармакта эмгектенесиз?

-Мен кыймылсыз мүлк сатуу тармагында иштейм. Жумушум жаман эмес жакшы. Бирге иштешкендер да абдан кичипейил адамдар. Ар тараптан колдоо көрсөтүп, билбеген нерселерди үйрөтүп турушат. Тааныштарым аркылуу Түркияга келгенмин. Тагдырдын тамашасы дейбизди, айтор төрт жылдан бери иштеп, жашап жүрөм.

-Кыргызстанды, Ысык-Көлдү, туугандарды сагынсаңыз керек?

-Албетте сагынасың. Туулуп өскөн жеринди кантип сагынбай коесуң (күлүп). Кыргызстанды, тоолорду, айрыкча Ысык-Көлүмдү сагынам. Шарт болуп калганда үйгө барып, туугандар менен сагынычымды таратып келем. Бирок чет жакта көп убакыттан бери жүрсөң ага да көнүп калат экенсиң. Тескерисинче кийин кеткиң да келбей калат (күлүп). Кудайга шүгүр азыр алысты жакын кылган интернет бар. Телефон аркылуу бат-баттан байланышып, Кыргызстанда болгон жаңылыктардан кабардар болуп турабыз.

-Келечектеги пландарыңыз..

-Азырынча бул жакта дагы бир аз иштеп турсам деп ойлойм. Шарт болуп жатканда кошумча билим алып алсамбы деген пландарым бар. Жакынкы келечекте кудайым буюрса магистратурага тапшырсамбы деп жатам. Чынын айтсам учурда жумуштан бошобой, убактымды бөлө албай жүрөм. Бирок сөзсүз түрдө алдыга койгон ой-максаттарымдын орундалышы үчүн талыкпай эмгектенип, жаңы бийиктиктерди багындырганга даярмын.

-Гүлнар, кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык. Пландарыңыздын бардыгы орундалышына тилектешпиз.

Нурсулуу Нуркамилова

“Кабар”

Пикир

Оставить комментарий