• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Айылдардагы дүкөндөрдө ичимдик сатууга тыюу салынууда

Аймак 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Республиканын бир катар айылдарындагы дүкөндөрдө ичимдик сатууга тыюу салынууда. Алгачкы ирет бул демилгени 2008-жылы Ош облусундагы Караке айылынын тургундары көтөрүп чыккан. Бул демилгени кийинчэрээк бир катар айылдар дагы колдоого алышкан деп жазат “umma” журналы.

Анын башкы максаты айыл жергесинде кылмыштуулуктун санын азайтуу жана жаштарды ичимдиктен сактоо болуп эсептелет. Ичимдиктерди сатууну токтотуу демилгелерин айыл тургундары өздөрү көтөрүп чыгышууда. Алардын мындай чечимин жергиликтүү бийлик, молдолор жана дүкөндөрдүн ээлери колдоого алууда.

Өзгөчө Ош облусунда ичимдик сатууга Караке, Мурдаш, Гагарин, Чайчы, Алп-Ордо, Кара-Таш, Мады, Кызыл-Суу, Киров, Алайкуу жана Ноокат районундагы Кыргыз-Ата аймагындагы жети айылында 2013-жылы тыюу салынган.

Ошондой эле, Чайчы, Алп-Ордо, Кара-Таш, Мады жана Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылдарында 2015-жылдан тартып ичимдиктер сатылбайт.

Жакында эле, 2017-жылдын февраль айында Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айылында ичимдиктин сатылышына тыюу салынган. Мындан тышкары мындай нормалар Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында дагы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий