“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүйдө 12 объект колдонууга берилди

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунун аймагында 12 объект колдонууга берилди. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу ишке ашырып келген КР өкмөтү, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунда 6 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана эки спорттук зал эксплуатацияга берилди. Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты оңдолуп, маданият үйү, 2 мектеп, бала бакча жана Кара-Балта дарыясындагы башкы курулуш ремонттолду.

Бардыгы болуп 2020-жылы саламаттык сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында 12 объект колдонууга берилди.

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Кемин районунда 100 орундук бала бакча, 100 орундук башталгыч мектеп жана канализация системасын тазалоочу жай салынды.

Панфилов районунда 2 канал ремонттолуп, 50 орундук 3 бала бакча жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулду.

Жайыл районунда 50 жана 100 орундуу 2 бала бакча салынып, реанимациялык бөлүмдүн кошумча имараты оңдолду, ошондой эле Бириккен аймактык оорукананын имаратынын кире бериши жана кабыл алуу бөлүмүнүн эстакадасы ремонттолду. Бул иштердин жыйынтыгында 40 000 жаран үчүн жакшыртылган социалдык инфраструктура жана ирригациялык система жеткиликтүү болду.

Мындан тышкары, айылдык кеңештердин депутаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында агро азык-түлүк рыногун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде тейлөө көрсөтүү жана сугат суусун жеткирүүнү жакшыртуу боюнча тренингдер өттү. Объект курулган ар бир айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана активисттерден турган монторинг жана тескөө боюнча топтор түзүлдү.

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет.

Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомдо аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий