• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Вице-премьер: Айып санкцияларын киргизүү – объективдүү жана керектүү чара

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Түкүрүк үчүн айыптарды киргизүү – объективдүү жана керектүү чара. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкекте өткөн жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, түкүрүк үчүн айып салуу коомдо чоң талкуу жараткан. “Соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерде ошол айыптар каралган. Бул теманын тегерегиндеги талкуулар көп көйгөйлөрдү көрсөттү, бирок эң негизгиси заманбап коомдогу өзүн алып жүрүү маселелерди козгоду. Эгер көптөр бул айыптарды колдосо, каршы чыккандар да арбын”, - дейт Өмүрбекова.

Ал билдиргендей, көптөр өзүнө саясий упайларды топтоо үчүн бул айыптарды салык деп атап, элдерди адаштырууга аракет жасашты. Андан тышкары алар Кыргызстандагы пенсия жана айлык акыларды ошол айыптарга байланыштырып карап жатышат. “Мен мындай салыштырууга каршымын”, - дейт А.Өмүрбекова.

Вице-премьер белгилегендей, айрым айыптардын тегерегиндеги талкуулар биз коомдо маданиятты түзүүдө чоң көйгөйлөр менен беттешкендигибизди көрсөтөт.

“Жолдо, көчөлөрдө, коомдук жайларда жана короолордо түзүлгөн абал көп жарандарды тынчсыздандырат. Бул өзүндө адеп-ахлактын негизин жоготуу коркунучун алып жүрөт. Биз мындайга жол бербешибиз керек. Бүгүнкү дискуссияда биз маданият, чыгарма жана илим чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн сөзүн уга алган жокпуз. Бул адамдар Кыргызстандын жаңы өсүп келе жаткан муундарына үлгү боло турган, маданиятты көтөрүүчү ошолор”, - дейт ал.

Өмүрбекова белгилегендей, айыптарды киргизүү – бул объективдүү жана керектүү чара.

“Биз көп жарандар бул айыптарды колдоорун көрдүк. Алар таза көчөлөрү жана таза коомдук жайлары бар өлкөдө жашап, балдарын өстүргүлөрү келет. Ал эми ошол эрежелерди бузуулар үчүн боло турган жазанын түшүнүктүү механизмдерин иштеп чыгуу бул башка жумуш. Бул боюнча иш алынып барат”, - дейт вице-премьер.

Пикир

Оставить комментарий