• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Айыпталуучуну электрондук билерик, тиркеме аркылуу көзөмөлдөө күчөтүлдү – Баетов

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Айыпталуучу электрондук билерик, тиркеме аркылуу байкоо жүргүзүү шарттарын бузса, мыйзам чегинде кайра жаза өттө жайына барат. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Пробация департаменти тарабынан биринчи кезекте зордук-зомбулук, тоноо, киши урдоо, үй-бүлөлүк зомбулук сыяктуу кылмыш жасаган адамдарга карата электрондук билерик жана "Мобилдик көзөмөл" тиркемесин колдонуу аркылуу көзөмөлдөө эрежелери күчөтүлүүдө. Электрондук билерик, электрондук тиркеме аркылуу байкоо жүргүзүүгө, дистанциялык башкаруу жана айыпталуучунун жүргөн жерине көз салып турууга мүмкүн болот.

“Зордук-зомбулук сыяктуу кылмыш жасаган адамдар пробация түзүмүнө келгенде биринчи ирет мобилдик көзөмөл тиркемесин же электрондук билерик кийгенге милдетүү деген эреже киргиздик. Бирок жакында эле Нарында бир жараныбыз колуна кийген электрондук билерикти 3 жолу кесип, же атайын чечип салдыбы эреже бузгандыктан, пробация режиминен кайра жаза өттө жайына барууга милдеттүү болду”, - дейт Баетов.

Министр белгилегендей, Пробация департаментинде акыркы 6 айдын ичинде санариптештирүү иштери масштабдуу жүрүп, электрондук билерик, тиркемелер кеңири колдонуп баштады. Натыйжада электрондук билериктерди жана мобилдик тиркемени колдонуу менен электрондук көзөмөл киргизилген – 72 электрондук билериктер жана 36 мобилдик тиркемелер колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий