• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Айжамал Шамбетова: Саламаттык сактоо тармагын каржылоо эки эсеге көбөйдү

Маек 0

Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова “Кабар” агенттигине берген маегинде министрликтин ишмердүүлүгүнө токтолду.

— Учурда өлкө калкынын ден соолугунун абалы кандай?

Мен калктын ден соолугунун абалын чагылдырган эң маанилүү көрсөткүчтөрдү эненин жана баланын өлүмү, ошондой эле күтүлгөн өмүрдүн узактыгы жөнүндө айта кетейин. Учурда жасалып жаткан чоң иштердин аркасында акыркы 10 жылда эне жана баланын өлүмү акырындык менен азайып баратат.

Биринчиден, финансисттер бул багытта жакшы иштерди көрсөтүп, керектүү шарттарды түзүштү. Экинчиден, клиниктер жаңы протоколдорду, көрсөтмөлөрдү жана операциялык процедуралардын стандарттарын кабыл алып, семинарларга жана тренингдерге катышуу менен өз квалификациясын жогорулатып, дайыма тажрыйба алмашып турушат. Муну менен катар кыргызстандыктардын орточо өмүрүнүн узактыгы да өсүүдө.

2020-жылдагы пандемия саламаттык сактоо системасынын бардык көйгөйлөрүн: айлык акынын аздыгын, кадрлардын жана жабдуулардын жетишсиздигин ачыкка чыгарды.

Бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигинин аркасы менен саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. 2020-жылы саламаттык сактоого бюджеттен 20 млрд сом бөлүнгөн, 2024-жылы каржылоо 39 млрд сомдон ашкан, башкача айтканда, эки эсеге өстү.

Мындан тышкары, быйыл 300 даана тез жардам унаасы алынды. Беш-он жыл мурун биз УАЗдарга кубанчубуз, анын ичинде отургучтар менен замбилдер гана бар болчу. Азыр кычкылтек концентраторлору жана дефибрилляторлору менен толук жабдылган реанимация машиналарын алып жатабыз.

Өткөн айда президенттик фонддон түшкөн каражатка кошумча 7 унаа алынды. Туристтик сезондун башталышына байланыштуу Ысык-Көл районунун Тамчы айылында тез жардам пункту ачылды. Мындан тышкары, Боом капчыгайында фельдшердик-акушердик пунктубуз бар, андагы унаалар жол кырсыгынан жабыркагандарга тез жардам көрсөтүү үчүн аталган мекемелерге бекитилген.

Жакында Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалды, бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?

Бул биздин алгачкы кадамдарыбыздан. Техникалык жана ченемдик укуктук базаны түзүү зарыл. Учурда бул багытта бир топ иштер аткарылып жатат. Саламаттык сактоо министринин түздөн-түз демилгеси менен трансплантология боюнча төрт бригада жана лаборанттар Түркияда бекер окутулду. Командада операциялык хирург, операциялык медайым, анестезиолог жана реабилитациялык адистер бар.

Алгачкы эки трансплантация Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында жасалды. Ага биздин адистерибиз жана түркиялык дарыгерлер катышты. Анда эки аялга трансплантация жасалды, учурда алардын жана донорлорунун абалы канааттандырарлык, операция ийгиликтүү өттү деп айтсак болот.

Эң башкысы биз бул иштерди баштадык. Азыр биз операцияларга эмне зарыл экендигин, канча кан запасы керек, өзгөчөлүктөргө көз салып, бейтап канча убакытка чейин адистердин көзөмөлүндө болот, трансплантациядан кийин анализдер кандай өзгөрөт жана башкаларды эсептеп жатабыз.

Кыргызстанда бардык трансплантация операциялары жасалат деп айтууга али эрте, бирок бул күн жакындап калды, анткени колдоо болуп, оңдоп-түзөө иштерине жана жабдыктарга каражат президенттин фондунан бөлүндү.

Эмне үчүн трансплантация абдан маанилүү болуп калды?

Кыргызстанда бир эле боор эмес, бөйрөк алмаштыруу боюнча да чоң көйгөй бар. Жыл сайын бөйрөк оорусу менен ооруган 200-300 жаңы бейтап кошулат. Биздин чакан өлкө үчүн бул өтө чоң көрсөткүч. Ар бир бейтапты диализ менен тейлөөгө жылына мамлекеттик бюджеттен 1 млн сомго жакын каражат жумшалат. Бир диализ сеансы 6,5 миң сом турат.

Көптөгөн бейтаптар бизге кант диабетинин нефропатияга айланган өнүккөн стадиялары менен кайрылышат. Ал эми кант диабети боор менен бөйрөктү бузат. Көпчүлүгү белдин оорушу, колдун жана беттин шишип кеткенине даттанышат, текшерүүдө пиелонефриттин оор түрү аныкталат.

Мунун баары, тилекке каршы, бизде тамактануу жана оорулардын алдын алуу маданиятынын жоктугунан болуп жатат.

Жыл сайын жарандар медициналык кароодон өтүп, текшерилип, УДИге түшүп, заара жана кандын жалпы анализдерин тапшырып, бөйрөк жана боордун абалын текшерип турушу керек. Майлуу тамактарды жебей, газдалган суусундуктарды ичпей, өзүңүздү көзөмөлдөө маанилүү. Жок эле дегенде, жумушка же кечинде үйгө жөө барыңыз.

“Эл Аман” мамлекеттик дарыкана тармагы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтө алдыбы?

Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 84 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы бар. Адегенде мамлекеттик дарыканаларда 400дөй гана дары-дармек бар болсо, азыр ар биринде 1400-2000ден кем эмес атылыштагы дары-дармектер турат.

Мамлекеттик дарыканаларда баалар жеке дарыканаларга караганда 15% арзан. Келечекте жеке дарыканаларга жетиштүү атаандаштыкты камсыздай алабыз деп ишенебиз.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги, Мээрим Дүйшөналиева

Пикир

Оставить комментарий